Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан эки адам мерт болду


Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 22-февралда эки унаа кагышуусунан эки адам ажал таап, дагы эки киши жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Күндүзгү саат 10:45 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 40-чакырымында “Фольсфаген” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен “Мерседес” үлгүсүндөгү кичи автобус кагышкан. Каза болгон 1980-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну Замирбек Боромбаев “Фольсфаген” унаасынын жүргүнчүсү, ал эми аты-жөнү такталбаган дагы бир жаран ушул машинанын айдоочусу болгон.

Кичи автобуста жабыркаган эки адам Чүй облусунун Ивановка айылындагы ооруканага жеткирилди. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG