Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 02:53

Эң кары жөө күлүк марафондон баш тартты


Дүйнөдөгү эң кары марафончу 101 жашында мындан ары жарыштарга катышпай тургандыгын жарыялады. Түпкүлүгү индиялык, британ жараны Фаужа Сиңх Гон-Конгдо 10 чакырымдык марафонду бүгүн 1 саат, 32 мүнөт 28 секундда чуркап өттү.

Кабарчылар менен жолугушканда, сары түстөгү чалма чалынган күлүк көкүрөгүнө түшкөн ак сакалын сылап, урду тилинде мындай деди:

- Өзүмө ишенимди жоготпойм. Мен күндө 4-5 сааттан чуркайм, ошол үчүн араңарда жүрөм. Токтоп калсам, өмүрүм текке кеткен болот. Анда мени ким эстейт?

Сиңг 2011-жылы Торонтодогу 42 чакырымдык толук марафонго катышкан эң кары спортчу катары таанылган эле. Бирок ал дүйнөлүк Гиннес рекорд китебине кирген эмес, себеби анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, болгону паспорту бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG