Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Памир кыргыздарынын жашоо-турмушу сүрөт көргөзмөсүндө


“Азыркыдан тарыхка сапар: Ооган кыргыздарынын жашоо тиричилиги” деген аталыштагы фотосүрөт көргөзмөсү 26-февралдан 12-мартка чейин Мамлекеттик тарых музейинде болмокчу. Анда кыргызстандык журналисттер Улугбек Бабакулов менен Эгамберди Кабуловдун Улуу жана Кичи Памирди жердеген кыргыздардын жашоо-шарттары, тиричилиги чагылдырылган эмгектери коюлат. Журналисттер ооган кыргыздары жердеген Памир жергесине өткөн жылы жайында “Скай мобайл” байланыш операторунун каржылык жана техникалык колдоосу менен барып келишкен. Сүрөт көргөзмөнүн уюштуруучусу да аталган байланыш оператору.

“Кыргыз бутагы” уюмунун маалыматы боюнча, Ооганстандын Улуу жана кичи Памир тоо кыркаларын жердеген кыргыздардын саны бүгүн 1100дүн тегерегинде. Айрым маалыматтар боюнча, памирлик кыргыздар жакынкы жылдары жок болуп кетүү коркунучунда турушат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG