Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Бишкекте баскетбол боюнча шаардык спартакиада өтүп жатат


Мелдеш мектеп окуучуларынын арасында өтүүдө. Бүгүнкү финалга райондук спартакидалардан утуп келген сегиз команда катышат. Бишкек шаардык дене тарбия департаментинин башкы адиси Надежда Смолякованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүн уландардын командалары беттешет, ал эми баскетболчу кыздардын финалдык беттешүүсү 28-февралда болот. Уюштуруучулардын айтуусунда, бул мелдештин жеңүүчүлөрүнөн куралган команда май айында спорттун 17 түрү боюнча өтүүчү республикалык спартакиадага катышат.

Ош шаарында болсо чоңдор арасында волейбол боюнча өлкө чемпионатынын 1-айлампасы башталат. Ага Бишкектен, Оштон, Нарындан жана Жалал-Абаддан сегиз команда катышат. 3-мартка чейин ойнолуучу мелдеш үч айлампадан туруп, жеңүүчүлөр 2014-жылдын Улуттук лигасына жолдомо алышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG