Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Карзай АКШнын атайын отрядын Вардак провинциясынан чыгарды


Ооган президенти АКШ аскерлеринин атайын отрядын эки жуманын ичинде Вардактан чыгаруу тууралуу коргоо министрлигине буйрук берди. Анын өкүлү Аймал Файзи мындай чечим өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде кабыл алынганын билдирди. Кабулда өткөн маалымат жыйынында Файзи америкалык атайын отрядды жана андагы кызмат өтөгөн ооган кызматкерлерин “туруксуздугу, ишенбестикти жаратканы жана жергиликтүү тургундардын тынчын алганы” үчүн айыптады. Файзинин бекемдешинче Вардакта АКШнын атайын отряды аскердик операция жасагандан кийин тогуз киши жоголду, Ооган бийлиги аймакта жакында эле башы алынган студенттин өлүмү үчүн да атайын отрядды айыптоодо.

Вардак провинциясы согушкерлерге каршы аскердик операциялардын очогу болчу.

XS
SM
MD
LG