Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

АКШ мамкатчысы Жон Керринин алгачкы иш сапары Лондондон башталды


Ал дүйшөмбүдө Британ премьер-министри Дэвид Камерон жана тышкы иштер министри Уильям Хейг менен жолугушат. Анда эки тараптуу кызматташуу, Сирия, Иран жана Түндүк Корея маселелери талкууланары күтүлүүдө. Жон Керри ушул эле күнү Берлинге кетер алдында маалымат жыйынын өткөрөт.

АКШ мамкатчысы иш сапары учурунда Европанын жана Жакынкы Чыгыштын тогуз мамлекетине барышы каралууда. Булардын ичинен маанилүүсү – Сирия оппозициясынын шаршембиде Римде болуучу конференциясы. Бирок Сириянын Оппозициялык кеңешинин айрым мүчөлөрү жыйынга катышпайбыз деп билдиришүүдө. Муну менен алар Сириядагы кан төгүүлөргө эл аралык коомчулук кайдыгер болуп жатат деген нааразылыгын ырасташмакчы.

Жон Керри АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына февраль айынын башында Хиллари Клинтондун ордуна келген.

XS
SM
MD
LG