Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

“Арго” тасмасы “Оскардын” баш байгесине татыды


"Арго" тасмасынын режиссеру жана продюсерлеринин бири Бен Аффлек салтанат учурунда.
"Арго" тасмасынын режиссеру жана продюсерлеринин бири Бен Аффлек салтанат учурунда.
Лос-Анжелесте өткөн “Оскар” сыйлыгын ташыруу аземинде Бен Аффлек режиссерлук кылган “Арго операциясы” (Argo) аттуу триллер мыкты тасма аталды. Бул номинацияда ат салышкан тогуз фильмдин мыктысын АКШнын биринчи айымы Мишель Обама жарыялады. “Арго” тасмасы 1979-жылдагы ислам революциясынан кийин Иранда калган америкалыктарды куткаруу операциясы тууралуу баяндайт.

“Мыкты режиссер” номинациясын “Пинин жашоосу” (Life of Pi) фильминин режиссеру тайвандык Энг Ли жеңип алды. Бул байге үчүн негизги таймаш “Пинин жашоосу” менен Стивен Спилбергдин АКШнын киши колдуу болгон президенти Абраам Линкольн тууралуу тасмасынын ортосунда болоору айтылган.

“Мыкты актер” наамына так ушул “Линкольн” тасмасындагы президентти ойногон актер Дэниел Дэй-Льюис татыды. “Мыкты актриса” сыйлыгы “Менин жигитим – акылынан адашкан” тасмасындагы аткарган ролу үчүн 24 жаштагы Женнифер Лоуренске ыйгарылды. “Экинчи пландагы мыкты актер” наамын “Боштондукка чыккан Жанго” (Django Unchained) тасмасындагы рол аткарган автриялык актер Кристоф Вальц алса, “Экинчи пландагы мыкты актриса” катары Виктор Гюгонун “Куугунтук жегендер” китебинини негизинде тартылган мюзиклдеги ролу үчүн Энн Хэтэуэй табылды.

11 категорияда талапкер көрсөтүлгөн "Пинин жашоосу" жалпы төрт категорияда утуп, бул жолу эң көп “Оскар” алган фильм болуп калды. “Арго” менен “Куугунтук жегендер” тасмалары үчтөн категорияда жеңишке жетишти. Ал эми “Линкольн” тасмасы Киноакадемиянын 12 Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөнү менен эки гана “Оскарга” ээ болду. Ошондой эле “Боштондукка чыккан Жанго” жана “Скайфолл” тасмалары экиден категорияда утуп алышты. “Чет тилдеги мыкты тасма” наамын австриялык режиссер Михаэл Ханекенин “Сүйүү” (Amour) тасмасы утуп алды. Осама бен Ладендин өлтүрүлүшүн көрсөткөн “Номур биринчи бута” (Zero Dark Thirty) фильми болсо “мыкты үн” номинациясында гана утушка жетти. “Скайфолл” фильминин саундтрегин аткарганы үчүн британиялык ырчы Адель алгачкы “Оскарына” ээ болду.

АКШнын Киноакадемиясы тарабынан 85-жолу тапшырылып жаткан “Оскар” сыйлыгы жалпысынан 24 номинацияда өттү. (KKs)

XS
SM
MD
LG