Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

АКШ атайын күчтөрү эки аптада Вардак провинциясынан чыгып кетүүгө тийиш


Ооган президенти Хамид Карзай Коргоо министрине эки жума ичинде Вардак провинциясынан АКШнын атайын күчтөрү чыгарылсын деген тапшырма берди.
Президенттин өкүлү Аймал Файзал мындай чечимди Улуттук коопсуздук кеңеши жекшемби күнү кабыл алганын билдирип: “...бейкүнөө жарандарыбыздын үйлөрүнө кирип, аларды тынчын алып, кемсинтип, өлтүрүп жаткандыктан, Атайын күчтөр деп аталган Ооганстан Ислам Республикасынын бардык аскерий топтору өз аракеттерин тез токтотсун деп чечилди. Аларды жоопкерчиликке тартуу буйрулду,” - деди.
Файзалдын айтышынча, Вардак провинциясында АКШнын атайын күчтөрү өткөргөн операциядан кийин тогуз адам жоголгон. Ооган аскерлери университет студентин өлтүрүп койду деп күнөөлөнгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG