Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Орусияда чылым чегүүгө каршы мыйзам кабыл алынды


Орусия президенти Владимир Путин коомдук жайларда чылым тартууга тыйуу салган мыйзамга кол койду. 1-июндан күчүнө кирчү мыйзам коомдук транспортто, автобус жана темир жол бекеттеринде, метронун элеваторунда, кеңселерде, билим берүүгө жана саламаттыкка байланыштуу бардык жайларда тамеки тартканга тыйуу салат. 2014-жылы 1-июндан кемелерде, поездерде, мейманканаларда, кафе-ресторандарда да чылым чегүү токтотулат. Жаңы мыйзам чылымды жарнамалоого, тамеки чыгарчу компаниялардын маданий иш-чаралардын демөөрчүсү болгонуна да уруксат бербейт.
Орусия тамеки чегүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган өлкөлөрдүн бири. Калкынын 40 проценти чылым тартат.

XS
SM
MD
LG