Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Кубанын лидери Раул Кастро 2018-жылы бийликтен биротоло кетет


81 жаштагы Раул Кастро бул жөнүндө жекшемби күнү Кубанын улуттук ассамблеясы аны экинчи беш жылга президенттикке шайлагандан кийин жасаган кайрылуусунда билдирди. Ошондой эле: “Биз Конституцияга мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлабоо жана жаш курагы боюнча чектөө киргизүү тууралуу сунуш киргиздик,”- деди Раул Кастро.

Кубанын жаңы шайланган парламенти күтүүсүз кадамга барып, 52 жаштагы Мигел Диаз-Канелди вице-президент кылып шайлады. Бул непада Раул Кастро мөөнөтүнөн мурда президенттиктен кетсе, Мигел Диаз-Канел анын ордун ээлейт дегенди билдирет. Раул Кастро 2008-жылы агасы Фидел Кастронун ордуна шайлангандан тарта Мамлекеттик кеңештин улгайган курактагы мүчөлөрүн эки мөөнөттөн ашык отурбаганга үндөп жүргөн.

XS
SM
MD
LG