Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:03

НАТОнун өкүлү Ооган тараптын маалыматын жокко чыгарды


НАТОнун өкүлү, генерал Гюнтер Кац Ооган өкмөтү альянстын аскерлери жасады деген мыйзамсыздыктарды тастыктаган эч кандай далил жок экенин билдирди. Ал Ооган өкмөтү менен бул маселе талкууланмайынча, кошумча эч кандай комментарий берилбесин да кошумчалады.

Ооган президенти Хамид Карзай Коргоо министрине эки жума ичинде ортолуктагы Вардак провинциясынан АКШнын атайын күчтөрү чыгарылсын деп буйруганын президенттин өкүлү Аймал Файзал билдирген. Ал мындай чечимди Улуттук коопсуздук кеңеши жекшемби күнү кабыл алганын айтып, Вардак провинциясында АКШнын атайын күчтөрү өткөргөн операциядан кийин тогуз адам жоголгонун да маалымдаган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG