Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Жон Кэрри: Ооган тараптын дооматы текшерилет


АКШ Мамкатчысы Жон Керри ооган тараптын дооматы кылдат текшерилиш керектигин бүгүн Лондондо Британиянын тышкы иштер министри Вилям Хейг менен өткөргөн пресс-конференцияда билдирди:"Ооганстанга жана Вардак провинциясын урматтоо менен айтылган тынчсызданууну түшүнөм. Айтылган ар бир доомат иш текшерилиш керек жана текшерилет деп ишендире алам. Бул Эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрүнүн (ISAF) милдети... Менин Ооганстан жана президент Карзай менен жакын кызматташып жүргөнүмдү силер билесиңер деп ойлойм. Ал жаңылыш жасалган иштерди же аларды өзгөртүүнүн жана жакшы жасоонун жолдорун эчен ирет мыйзамый жактан талдап көргөн деген ойдомун. Биз анын үстүнөн иштейбиз."

Ооган президенти Хамид Карзай Коргоо министрине эки жума ичинде ортолуктагы Вардак провинциясынан АКШнын атайын күчтөрү чыгарылсын деп буйруган болчу. Анын себебин Карзайдын өкүлү Аймал Файзал атайын күчтөр Ооган аскерлери менен чогуу өткөргөн операция маалында жергиликтүү тургундар кыйналып, өлтүрүлгөнүн, а түгүл андан кийин тогуз адам жоголгонун да маалымдаган.

Бүгүн НАТОнун өкүлү, генерал Гюнтер Кац Ооган өкмөтү альянстын аскерлери жасады деген мыйзамсыздыктарды тастыктаган эч кандай далил жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG