Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Сирия оппозициясы Римде өтүүчү жыйынга катышмак болду


Сирия Улуттук коалициясынын башчысы Римдеги “Сириянын достору” деп аталган жыйынга катышмак болгонун жарыя кылды. Ахмед Моаз ал-Хатиб Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жазгандай, Сирия оппозициясы жыйынга АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Британ тышкы иштер министри Уильям Хейгдин “сириялыктардын азап-тозогун жеңилдетүүгө жардам берүү” убадасынын негизинде катышууну чечкен.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри дүйшөмбүдө Моаз Хатиб менен телефон аркылуу байланышып, аны Рим конференциясына катышууга үндөгөн. Ошондой эле Жон Керри кечээки маалымат жыйынында:

- Биз Сирия эли конференциядан жыйынтык күтүп жатканын түшүнөбүз. Мен Моаз ал-Хатибге айтар элем, ошол жыйынтыкка жетишүүнүн бир ыкмасы – бул талкууга катышуу, -деп айтты.

Мурдараак Сирия оппозициясы дүйнөлүк коомчулук өлкөдөгү зомбулукка кайдыгер мамиле жасап жатат деген себеп менен “Сириянын достору” жыйынына катышуудан баш тарткан эле.

Сирияда дээрлик бир жылдан бери бийлик менен оппозициянын ортосунда кандуу согуш уланып келүүдө. Айрым маалыматтар боюнча, бул убакытта алтымыш миңден ашуун адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG