Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Таласта зордукталган окуучу кыз боюнча сот уланат


Бүгүн Талас облусунун Бакай-Ата районунда 11-класстын окуучу кызын ала качып зордуктоого байланыштуу былтыр ачылган кылмыш иш боюнча сот уланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айкын багыт" уюмунун жетекчиси Мунара Бекназарова кабарлады.

Анын айтымында, окуя 2012-жылдын 27-августунда болгон. Кызды өзүнөн 12 жаш улуу киши ала качып, зордуктаган. Эртеси ата-энеси кызды алып кеткенине карабай, кайра ошол эле үйгө ала качып кетишип, ал экинчи жолу зордуктоого кабылган.

Ата-энеси кызды кайрадан үйүнө алып келип, милицияга арызданганы менен кылмышка шектүү жаран кармалган эмес. Ошол эле учурда кызды үчүнчү ирет ала качып кетишип, эки күн сыртка чыгарбай, милицияга жазылган арызды кайра алуу талабы коюлган.

29-январда райондук сот ишти прокуратурага кайра тергөөгө жөнөткөн. Бирок жабыркаган тараптын кызыкчылыгы эске алынбаганы, болгон окуя толук иликтенбегенин айтып, жабырлануучулар аппеляциялык арыз менен кайрадан сотко кайрылган. Бүгүн ошол арыздын негизинде териштирүү болот. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG