Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Президент эки министрди ээлеген кызматынан бошотту


Бүгүн президенттин жарлыгы менен жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов менен маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов ээлеген кызматтарынан бошоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлоодо.

Экөө тең премьер-министрдин сунушуна жана өкмөттүн структурасы өзгөргөнүнө байланыштуу иштен бошогону айтылды.

Өткөн аптада өкмөт түзүмү өзгөргөн. Күч түзүмдөрүнүн ишин координациялай турган вице-премьер-министрлик кызмат ачылган. Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция тармагы Эмгек жана жаштарды ишке орноштуруу министрлигине берилген. Туризм жана маданият министрлигине маалымат саясаты кошулган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG