Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Токиодо кыргыз-жапон сүйлөшүүлөрү өтөт


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Жапонияга расмий сапарга жөнөп кетти. Сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар эртең башталат. Эки күндүк сапар учурунда Атамбаев жапон императору Акихитонун кабыл алуусунда болот, премьер-министр Синдзо Абэ жана парламенттин өкүлдөр палатасынын спикери Бунмэй Ибуки менен жолугат.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Алмазбек Атамбаев менен Синдзо Абэ биргелешкен билдирүү жасап, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Кыргыз президенти ошондой эле жапон журналисттеринин суроолоруна жооп берет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG