Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Тажикстанда борбор шаардын телеканалы обого чыкпай калды


Тажикстанда популярдуу телеканал белгилүү диссидент-акындын интервьюсун көргөзгөндөн кийин обого чыкпай калды. Жекшембиде “Поятахт” ( Байтакты) каналы Гулрусхор Сафиева менен маекти тартуулаган. Сафиева Тажик өкмөтүн сындаган ырлары менен белгилүү. Кечээтен бери болсо телеканалды көрүү мүмкүн болбой калды. Каналды Душанбе шаарынын администрациясы көзөмөлдөйт. Тажикстандын Мамлекеттик Телерадиокорпорациясынын жетекчилиги "Азаттыктын" кабарчысына маалымдагандай, канал техникалык проблемалардан улам чыкпай калды.

XS
SM
MD
LG