Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

Алепподо ондогон киши окко учту


Сириянын Алеппо чөлкөмүндө полиция академиясынын жанында болгон атышуу учурунда ондогон козголоңчу менен өкмөттүк күчтөрдүн аскерлери каза тапты. Британияда жайгашкан Адам укуктарын коргогон уюмдун маалыматына ылайык, кечээтен бери уланган салгылашууда кеминде 26 козголоңчу жана 40тай жоокер окко учту. Режимге каршы күрөшүп келаткан көтөрүлүшчүлөрдун ырастоосунда, өкмөт окуу жайды оппозициянын карамагындагы аймактарды аткылоо үчүн аскердик базага айланткан. БУУнун санактарына караганда, мындан 2 жыл мурун Башар Асад бийлигине каршы башталган козголоңдо 70 миңден ашууну адамдын өмүрү кыйылды

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG