Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Оштогу Ленин эстелиги башка жакка көчүрүлбөй турган болду


Оштогу Лениндин эстелиги башка жакка көчүрүлбөй турган болду. Муну «Азаттыкка» Ош мэриясынан тастыкташты.

«Лениндин эстелиги азыркы турган борбордук аянтта эле кала берет. Аны алмаштырууга эч кандай зарылчылык жок. Эстеликти демонтаждоо кошумча каражат талап кылат, ал эми жергиликтүү бюджетте акча каралган эмес»,-деп айтылат мэриянын расмий билдирүүсүндө.

Мэриянын маалымат кызматы белгилегендей, аянттагы эстеликти алып салуу демилгеси бир нече жолу көтөрүлгөн.

Ош шаарынын борбордук аянтындагы бийиктиги 25 метрдей болгон Ленин эстелиги 1975-жылы орнотулган.

Лениндин Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы ушуга эле жашташ эстелиги 2003-жылы эски аянтка көчүрүлгөн. (ErN/RK).

XS
SM
MD
LG