Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Алматыда Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү уланууда


Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябов кечээ сүйлөшүүдө оң жылыштар болгонун жана тараптардын бүгүнкү сүйлөшүүсү үзүрлүү болот деп үмүт кыларын билдирди. Сүйлөшүү Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштондун жетеги астында өтүүдө. Ага Ирандын жана АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франциянын өкүлдөрү катышууда. Тараптардын акыркы сүйлөшүүсү сегиз ай мурда Москвада ийгиликсиз бүткөн. Дүйнөнүн бакубат өлкөлөрү Иран атомдук куралга пайдаланчу уранды байытканды токтотуусу үчүн бир катар сунуштарды, анын ичинде санкцияны жеңилдеткенди сунуш кылды. Иран ядролук куралдуу болгонду каалабасын, уранды тынчтык максатында гана байытканын айтууда.

XS
SM
MD
LG