Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Пакистан жана Иран газ куурун курганы жатат


Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Тегеранга эки күндүк сапарга барды. Сапары кезинде Иран газын Пакистанга ташычу 1, 5 млрд долларлык газ куурун куруу тууралуу келишимге кол коюлат. Андан тышкары Пакистандын Гвадара порт-шаарында мунай иштетүүчү ишкананы курууга көмөктөшүү жагы сүйлөшүлөт. Иран Пакистанга күнүнө 21, 5 млн куб газ сатып алууну сунуш кылып, жаңы куурдун курулушуна 500 млн доллар насыя бергенге макул болууда. Гвадарадагы мунай заводу күнүнө 400 миң баррел кара май иштетет деп боолгонууда. Кабарларга караганда, долбоорго АКШ каршы чыккандыктан, инвесторлорду тартууда кыйынчылыктар болууда.

XS
SM
MD
LG