Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Сенат Чак Хайгелди АКШнын коргоо министри кылып бекитти


АКШ президенти Барак Обама америкалык аскерлерди Ооганстандан ата журтуна алып келүүдө жаңы коргоо министри Чак Хайгелге таянат. Обама мындай билдирүүнү Сенат Хагелди министрлик кызматка 58 добуш менен бекиткенден кийин жасады. Колго салууда 47 сенатор каршы добуш берди.

Республикачылар 12 күн мурда Израилди колдогонуна шылтап жана Иран менен мунасага барууга даяр деп, Хагелди министрликке бекитпей койгон эле.

Мурдагы республикачыл сенатор Чак Хайгел Вьетнам согушунун катышуучусу. Обама билдирүүсүндө Хагелди “өлкөгө керек коргоо министри жана биздин аскерлерге татыктуу лидер” деп атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG