Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Кумтөр келишими боюнча коррупцияга байланыштуу кылмыш иш козголду


Кыргызстандын Баш прокуратурасы Кумтөр келишими боюнча коррупциялык фактыларга байланыштуу кылмыш иш козгоду. Баш прокуратуранын маалымат кызматынын кабарлашынча, кылмыш иш Кыргызстандын Кылмыш кодексинин коррупция, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, кызмат укугунан аша чабуу жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген контракт түзүүгө байланыштуу беренелери боюнча ачылды. Аны мекеме аралык тергөө топ иликтей баштады. 1992-2009-жылдар аралыгында түзүлгөн келишимдерге тиешеси бар айрым аткаминерлердин иш-аракети иликтенет.

Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын өткөн аптада парламент колдоп берген корутундусунда Башкы прокуратурага мыйзам бузуу менен кабыл алынган мурдагы келишимдерге жол берген адамдардын жоопкерчилигин кароо тапшырмасы берилген.

Корутундуда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганы, ал бир катар мыйзам бузуу менен түзүлгөнү айтылат. (RK)

XS
SM
MD
LG