Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Атамбаев: Парламенттик демократия - кыргыз-жапон мамилесин чыңдоонун негизи


Парламенттик демократия Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы саясый кызматташтык жана достук мамилени чыңдоонун негизи болуп саналат.

Мындай пикирин бүгүн Токиодо өткөн сүйлөшүүлөрдө кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев билдирди. Таң эрте ал жапон императору Акихито менен жолукту. Андан соң жапон парламентинин өкүлдөр палатасынын төрагасы Бунмэй Ибуки, төмөнкү палатасынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Катсуюки Каваи, "Комэйто" партиясынын төрагасы Нацуо Ямагучи, JICA уюмунун вице-президенти Киёши Кодера менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда түрдүү багыттар боюнча кызматташуунун келечеги, тактап айтканда экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Бүгүн жапон премьер-министри Синдзо Абэ менен да жолугушуу болот.

Атамбаевдин Жапониядагы эки күндүк расмий сапары бүгүн башталды. Эртең кыргыз делегациясы Киотодо болот. Ал жерде маданий иш-чаралар өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG