Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Кыргызстан-Жапония экономикалык кызматташтыгы жанданат


Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Токиодо Жапония премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушкандан кийин билдирди. Ал эки тараптуу жолугушуулар достук мамиледе, ачык өткөнүн кошумчалады.

“Жапониянын колдоосу мындан ары дагы улана берет деп ишенем. Эки тарап экономикалык жактан кызматташтыкты жандантат. Биз Жапония менен мамилени баалайбыз. Мындан ары да кызматташтыкты чындайбыз”, - деди мамлекет башчы.

Тараптар эл аралык масалелер боюнча пикири бир экенин билдирди.

Атамбаев жапон өкмөтүнүн башчысын Кыргызстанга расмий сапарга чакырганын, бул сунушу кабыл алынганын билдирди.

ИТАР-ТАСС агенттигинин маалымдашынча, Токиодо болгон жолугушууда өз ара экономикалык мамилени өнүктүрүү жөнүндөгү келишимге кол коюлуп, сейрек кездешчү металлдарды өндүрүүдөгү кызматташуу өзгөчө маанилүү экени баса белгиленди.

Бүгүн эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Фумио Кисида менен Эрлан Абдылдаев жолугушту. Кездешүүдө жапон тарап Бишкек - Ош жолун жакшыртканга 565 миң доллар берилет деп убада берди.

Жапондордун Киодо Цусин агенттиги Жапония жана Кыргызстан өз ара соодалашууну кеңейтүүгө жана кызматташууну жакшыртканга бел байлагашканын кабарлады. (KE/AU/RK)

XS
SM
MD
LG