Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Папа Бенедикт католик динзарлар менен коштошту


Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Бенедикт XVI Римдин Ыйык Петр аянтында он миңдеген динзарларга кайрылды жана анын Папалыктан кетүү чечимин динзарлар кандай кабыл аларын билгенин айтты: “Мен кийинки айларда күч-кубатым азайганын сездим жана Кудайга таат кылып, акылымды тунук кыл, мен үчүн эмес, чиркөө үчүн туура чечим кабыл алганга жардам бер деп жалбардым.”

85 жаштагы Бенедикт эртең бейшемби күнү Ватикандын башчылыгынан ырасмий түрдө кетет. Бул Папанын акыркы 600 жылда биринчи жолу өз ыктыяры менен кызматтан кетүүсү. Бенедикт динзарлар менен тамашалашып, ал Ватиканды жетектеген сегиз жылда болгон сексуалдык чатактар жана коррупция фактылары өз милдетин татыктуу аткарганга тоскоол болгонун белгилей кетти. Жаңы Папа марттын аягына чейин шайланары маалымдалган.

XS
SM
MD
LG