Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Бакубат өлкөлөр сунушун Иран кабыл алат деген үмүттө


Бул жөнүндө Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон айым Ирандын ядролук программасы боюнча Алматыда аяктаган жыйында билдирди: “Е3+3 сунушту жаңылады. Ал конструктивдүү сүйлөшүү үчүн баланстуу жана калыс негиз болот деп ишенебиз. Сунуш эл аралык коомчулукту тынсыздандырган Ирандын ядролук программасы нукура тынчтык багытында болуп, Ирандын идеяларына жооп бергендей болуусуна ылайыкталган.”

Бирок Эштон айым Иранга жасаган сунуштун мазмуну жөнүндө эч нерсе айтпады. Иран делегациянын жетекчиси Саид Жалили эл арлык коомчулуктун сунушу мурдагыдан “бир кыйла реалдуу” деп, Иран уранды 20 процентке чейин байытуу себебин талкуулаганга даяр экенин билдирди. Лекин ал Фордо заводунда уранды байытуу токтотулбасын эскертти.

Алматыдагы жыйында Ирандын ядролук программасы боюнча келерки саясий сүйлөшүү кайра эле Алматыда 5-6-апрелде болоору макулдашылды.

Е3+3 тобуна Иран, АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франция кирет.

XS
SM
MD
LG