Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 18:26

Өзбекстанда “Жихадизм” уюмунун мүчөлөрү соттолду


Өзбекстандын тартип коргоо кызматкеринин айтуусунда, уюмдун он бир мүчөсү сот өкүмү менен 5 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылды. Соттолгон топ өлкөнүн чыгыш аймагындагы Наманган шаарында радикалдык исламды үгүттөгөнү үчүн айыпталышкан.

Наманганда 1990-жылдары “Өзбекстан ислам кыймылы” түптөлгөн, кийинчерээк куугунтукталган кыймыл Ооганстанга оогон. 1999-2000-жылдары бул кыймылдын мүчөлөрү Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга кирүүгө аракет кылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG