Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Өмүрбек Бабанов ыңкылап, төңкөрүштөргө каршы


“Кыргызстан дагы бир ыңкылапты же төңкөрүштү көтөрө албайт,” - деген пикирин экс-премьер-министр Кnews агенттигиндеги маегинде билдирген. Анын айтуусунда, учурда ар кайсы басылмалар тарабынан “даярдалып жаткан жазгы төңкөрүштөрдүн артында Бабанов турат” деп жазылган маалыматтар жалган. “Республика” партиясынын лидери тескерисинче өлкөдөгү коомдук-саясий абалды солкулдатууга аракеттенип жаткан күчтөргө каршы чыгууга даяр экенин билдирди. “Өкмөттүн же парламенттин таркашын талап кылган митингдер боло берсин, бирок дагы бир ыңкылап кылып, Ак үйдү басып алууга, талоончулук кылууга мүмкүн эмес, ансыз деле 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун каны сууй элек,” - деген Бабанов көптөн бери Роза Отунбаева баш болгон саясатчылар менен да, оппозициячылар менен да көрүшө электигин кошумчалаган.

Айрым маалымат каражаттары Кыргызстанда оппозиция жаз айларында дагы бир төңкөрүшкө даярданып жаткандыгын, анын каржылоочусу мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов экенин жазып чыгышкан.

Өмүрбек Бабанов 2010-жылы “Республика” партиясы аркылуу парламентке келип, алгачкы коалициялык өкмөттө 1-вице-премьер-министр, Атамбаев президент болгондон кийин премьер-министр болуп иштеген. Өткөн жылы 1-сентябрда өз эрки менен өкмөт башчылык кызматтан кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG