Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Эл мугалими Бектур Исаковго арналган китеп-сүрөт көргөзмө ачылды


Бүгүн Бишкекте Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаковго арналган китеп-сүрөт көргөзмө ачылууда. Улуттук китепканада уюштурулган экспозицияга мугалимдин окуу китептери, программалары, илимий макалалары, ал жөнүндө жазылган публицистикалык материалдар, сүрөттөр коюлган.

Бектур Исаков 1942-жылы Таласта туулган. Быйыл 71 жашта. Азыр да өзү туулуп өскөн Арал айылында кыргыз тил жана адабият мугалими болуп иштейт. Ал 37 педагогикалык китептин жана 250гө жакын илимий-усулдук макаланын автору. (RK)

XS
SM
MD
LG