Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Төрага Жээнбеков: Камактагы депутаттар үчүн мен күнөөлүү эмесмин


Азыркы чакырылыштагы парламенттин төрт депутатынын камакта жатышына төрага күнөөлүү эмес. Депутат Жылдызкан Жолдошеванын айтканына жооп берип жатып Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков ушинтип айтты.

- Мен сүйлөткөн жокмун аларды, мен секирткен жокмун. Бирок мен кабар алып жатам. Баарын мыйзам чечет, - деди Жээнбеков.

Бүгүнкү жыйында Жолдошева азыркы спикердин тушунда төрт депутат камакта жатканын айтып, төрага парламент мүчөлөрүн коргой билиши керек деген пикирин билдирди.

Жээнбеков парламент идеалдуу болбосо да жакшы иштеп жатканын айтып, мурдагы чакырылыштардын тушунда депутаттардын бешөө өлтүрүлгөнүн, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов менен кошо эки киши тирүүлөй өрттөлгөнүн жана көптөгөн маанилүү экономикалык мекемелер мыйзамсыз сатылып кеткенин эскертти.

Оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынын төрт депутаты учурда тергөө абагында камакта жатат. Алардын үчөө былтыр 3-октябрда "Ак үйдүн" дарбазасынан секирип, мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда. Бирок соттолуучулар мунун баары саясый заказ деген пикирде. (RK)

XS
SM
MD
LG