Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

ЕККУ чек арадан жүк ташуу боюнча маалымдама чыгарды


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясы менен бирдикте чек арадан унаа менен жүк алып өтүү боюнча маалымдаманын орусча вариантын басып чыкты. Буга чейин англис тилинде чыккан болчу.

Китептин бет ачары 26-февралда Женевада 200дөй адам катышкан транспорт министрлеринин жыйынында өткөнү бүгүн кабарланды.

Маалымдама унаа жана байланыш мекемелери, логистикалык компаниялар, жарандык коом жана илимий чөйрө өкүлдөрү үчүн даярдалды. Деңизге түз чыга албаган, бирок дүйнөлүк экономикага кирүү аракетиндеги өлкөлөр үчүн өзгөчө маанилүү экенин адистер айтууда. Мындай өлкөлөрдүн катарына Кыргызстан да кирет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG