Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Токтогулда жер көчтү


Жалал-Абаддын Токтогул районунда бүгүн жер көчкү катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, саат 11:00 чамасында Торкент - Сары-Камыш унаа жолунун 154-чакырымында көлөмү 1800 м³ жер көчкү түшүп, жолду жаап калды. Адам өмүрүнө зыян тийген жок.

Жолду тазалоого ЖЭМ-23 ишканасынанан 1 бульдозер жана Сары-Камыш айылынан 12 ыктыярдуу куткаруучу тартылып, тазалоо иштери уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG