Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Ысык-Көлдө адам аткезчилигине каршы акция өтөт


1-мартта Ысык-Көлдө адам аткезчилигине каршы акция өтөт. Аны АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча USAID агенттигинин жардамы менен жергиликтүү "Лидер" коомдук бирикмеси өткөргөнү жатат. Иш-чара түрдүү амалдарга алданып сатылып кеткен жарандардын тагдыры кайталанбашы үчүн, бул көрүнүш жылдан жылга актуалдуу болуп баратканын элге жеткириш үчүн уюштурулууда.

Адам аткезчилигине, адистердин айтымында, айрыкча эмгек мигранттар туш болот. Себеби чет жактан жумуш таап берем деп алдап алып чыгып, адамдарды кулчулукка сатып жиберген шылуундар көп экени айтылып келет.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, адам сатуу боюнча 2011-жылы 9, ал эми 2012-жылы алты гана кылмыш иш козголгон. Адистердин баамында, кулчулуктун курмандыктары көпчүлүк учурда азаптан кутулгандан кийин окуяны ачыктоодон коркуп же уялып арыз жазууну туура көрүшпөйт. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG