Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Жалал-Абадда 7-каналга нааразылык айтылды


Жалал-Абадда бүгүн мамлекеттик тилдин көйгөйлөрүн талкуулаган тегерек үстөл жыйыны өтүп, облуска 7-канал аты менен таанымал «D канал» телекомпаниясына ишеним көрсөтпөө маселеси талкууланды. Аталган канал кыргызча жаңылыктарды которуп өзбекче көрсөтүүсүн токтотуу талабы коюлду. Эгерде бул талап аткарылбаса, 7-каналга каршы ар түрдүү акцияларды уюштуруу жагы белгиленди. 25-февралда эфирге чыккан "Чындык" ток-шоусунда "биз өзбекче көрсөтүүлөргө каршыбыз" деген сөздөр кыскартылып, «D каналды» мактаган сөздөр берилгенине нааразылык айтылды. "Элдик курултай" уюмунун өкүлү Кылычбек Маматаев 7- канал бир жактуу болуп, бийликтин жакшы иштерин көрсөтпөй жатканын айтты. «D каналдын» баш редактору Руслан Калматов азырынча өзбекче берүүлөр баштала электигин, "Чындык" ток-шоу көрсөтүүсү бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен 28 мүнөт берилгенин билдирди. (YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG