Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 17:39
Бүгүн Рим папасы дүйнө боюнча кардиналдарды кабыл алып жатат. Ушул эле күнү анын папалык мөөнөтү бүткөнүн билдирген жөрөлгө да жасалат. Ага ылайык, “Папанын шакеги” жок кылынат. Рим католик чиркөөсүнүн башына келген ар бир лидерге ыйык апостол Петрдун сүрөтү тартылган шакек тагылышы керек. Анын сындырылышы ушул папанын кызмат мөөнөтү аяктады дегенди туюндурат.

Бенедикт - Ватикандын тарыхында 1415-жылдан бери тирүү кезинде эс алууга кетип жаткан алгачкы понтифик. 85 жаштагы Бенедикт XVI ушул айдын башында мындан ары тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөдө чиркөөнү башкарууга “күч кубаты жетпей жатканын” айтып, кызматтан баш тарткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG