Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Тажикстан: коопсуздук кызматынын башчысын өлтүргөн делгендерге сот өкүмү чыкты


Сот Хорогдогу убактылуу кармоочу жайында өттү, 28-февраль, 2012
Сот Хорогдогу убактылуу кармоочу жайында өттү, 28-февраль, 2012
Тажик соту регионалдык коопсуздук кызматынын башчысын өлтүргөн делгендерди узак мөөнөткө түрмөгө кести. Өлкөнүн Тоолуу-Бадахшан регионунда коопсуздук кызматын башкарган Абдулло Назаровду өткөн жылы жайында өлтүргөн деп айыпталган Одил Айомбековду Хорогдогу сот бүгүнкү өкүмүндө 17 жылга, Хамза Муродовду 16 жылга эркинен ажыратты. Алардын соту 19-февралда башталган.

Соттолгондордун адвокаттары Назаровдун өлүмү “атайын даярдалган кол салуу болбогонун” айтышкан эле. Назаров кол салууда өлгөндөн кийин Тажикстандын өкмөттүк күчтөрү азыр камалган эки кишинин куралчан тарапкерлерине каршы атайын операция өткөргөн.

Бийликтер бир нече аптага созулган операцияда коопсуздук күчтөрүнүн 13 аскери набыт болгонун, куралчан жоочулардан 30 адам өлгөнүн кабарлашкан. Анткен менен, жергиликтүү калк атышууларда кеминде эле 70 адам өлгөнүн айтып жүрөт.

XS
SM
MD
LG