Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Жети-Өгүз районунда жаштар борбору ачылды


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында жаштар борбору ачылды. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Назира Муканбетованын айтымында, жергиликтүү бийликтин атынан жаңы ачылган борборго эки жана Жаштар министрлигинен бир компьютер берилди. Андан тышкары райондун депутаттары, мекеме, ишкана жетекчилери да өз салымын кошуп, акчалай жардам беришти.

Жаштардын билим деңгээлин жогорулатып, колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн мындай борборлор облустун башка райондорунда да ачылмай болууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG