Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Бишкек милициясынын сайты ачылды


Бишкек шаардык милициясынын сайты ачылды. Бет ачары бүгүн өттү. Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев сайттын ишин өз көзөмөлүнө алып, жарандар менен тыгыз байланышта болоорун айтты. Мыйзам бузуулар, анын ичинде милиция кызматкерлеринин туура эмес иштери жөнүндө ар ким сайтка кирип, кабарласа болот. Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун "Азаттыкка" айтымында, марттын аягына чейин сайт толук кандуу иштеп калат. Буга чейин борбор шаардын ички иштер башкармалыгынын өз алдынча интернет-баракчасы болгон эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG