Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Жапония Көкарт көпүрөсүн оңдоого 10 миллион доллар грант берет


Жапония Бишкек - Ош унаа жолундагы Көкарт көпүрөсүн оңдоого 10 миллион доллар грант берет. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жапониянын Киото шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Андан сырткары 1 миллион доллар көпүрө салууну долбоорлоого бөлүнөт.

Алмазбек Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегация кечээ Жапониянын императору, императрицасынын кабыл алуусунда болгон. Ошондой эле Жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэ менен жолугушуп, кыргыз-жапон кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча 21 беренеден турган документке кол коюлган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG