Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Блейк: АКШ Борбор Азияда исламчыл козголоңчулардан олуттуу коркунуч бар деп эсептебейт


Бул тууралуу Конгресстеги билдирүүсүндө бүгүн АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк билдирди. Бирок ал өз сөзүндө “Өзбекстан Ислам Кыймылы региондо таасирин арттыруунун бардык жолдорун колдонууга аракет кылып жатканын да” кошумчалады.

Эл өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетинде сүйлөп, Блейк Борбор Азия азыр радикалдашуу коркунучу алдында турганын, эгер бул тенденция дагы күчөй турган болсо, АКШнын региондогу кызыкчылыгына коркунуч жараларын айтты. Блейктин билдиргенине караганда, АКШнын өкмөтү бул мамлекеттерге терроризм менен күрөшүүдө жардам бериш үчүн иштеп жатат. "Ошол эле учурда, Вашингтон аймактын лидерлерине демократиялык реформаларга барышы жана адам укуктарын жакшыртышы үчүн да басым жасоодо", - деди жардамчы.

XS
SM
MD
LG