Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Атамбаев: Кумтөр боюнча ишке аралашпайм


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 28-февралда Жапонияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал Кумтөр маселесин иликтеген комиссиянын материалдарын карап жатканын айтып, келишим боюнча кылмыш иштин козголушун туура деп баалады:

- Талаш-тартыштан чындык чыгат. Басым кылып аткандай кабыл алынбашы үчүн Кумтөр маселесине аралашкым келген жок. Комиссиянын материалдарын карап жатам, парламенттин бул боюнча көз карашын да билем. Центерра жетекчилигинин көз карашын да көрдүк. Биз туура эле жасап жатабыз. Эч нерсени талкалабай, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында маселени чечсе болот.

27-февралда Кыргызстандын Баш прокуратурасы Кумтөр келишими боюнча коррупциялык фактыларга байланыштуу кылмыш иш козгогон. Баш прокуратуранын маалымат кызматынын кабарлашынча, кылмыш иш Кыргызстандын Кылмыш кодексинин коррупция, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, кызмат укугунан аша чабуу жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүүгө байланыштуу беренелери боюнча ачылды.

Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын өткөн аптада парламент колдоп берген корутундусунда Башкы прокуратурага мыйзам бузуу менен кабыл алынган мурдагы келишимдерге жол берген адамдардын жоопкерчилигин кароо тапшырмасы берилген. (КЕ/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG