Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Бүгүнтөн тартып Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштайт


Бишкек ШИИБнын башчысы Мелис Турганбаевдин айтымында, долбоордун алкагында 40 мектепте жашы жетелектер менен иштөөчү атайын бөлмө ачылат, ошондой эле ар бир мектепке жашы жетелектер менен иштөөчү бирден кызматкер бекитилет. Андан тышкары 4 кичиавтобус менен милициянын көчмө бөлүмү иштейт, анын курамында тергөөчү, оперативдүү кызматкер жана кайгуул-күзөт кызматынын экиден кызматкери болот. Алар кылмыш иштин жеринен иштешет жана шектүүлөрдү убактылуу камоо жайына жеткиришет.

Долбоордун алкагында борбор калаадагы төрт райондо участкалык милиционерлер үчүн атайын нөөмөт бөлүмчөлөрү ачылат, булар шаардагы эл жыш жашаган жерлерге, көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна орнотулат.
Турганбаевдин маалыматы боюнча учурда милициянын 10 экипажы шаардын түнкү коопсуздугуна көзөмөл кылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG