Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:59

Гаага соту мурунку Югославия армиясынын генералын актады


Эл аралык аскер соту бейшембиде мурунку Югославия армиясынын башчысы Момчило Перишичти актап, аны тез арада эркиндикке чыгарууну чечим кылды. Соттор серб генералы Момчило Перишич серб армиясын Боснияга жана Хорватияга жибергени тууралуу далилдер жоктугун билдиришти.

2011-жылы июнь айында Эл аралык аскер трибуналынын 1-бутагы Перишичти 1990-жылдары Балканда болгон согушта Босния менен Хорватиянын элине жасаган аскердик кылмыштары үчүн 27 жылга эркинен ажыраткан болчу. Перишич өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG