Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Бүгүн “Азаттык” радиосунун орус кызматына 60 жыл толду


Кансыз согуш маалында, 1953-жылы 1-мартта "Азат Европа/Азат Радиосу" алгачкы берүүсүн Советтер Союзуна багыттап, журналист Сергей Дубровский обо аркылуу “Азаттык” үналгысын жарыя кылган:

- Уккула, уккула! Бүгүнтөн тартып жаңы, “Азаттыкка чыгаруу” радиостанциясы өзүнүн берүүлөрүн баштайт.

Кийинчерээк “Азаттык” деп өзгөртүлгөн жаңы радиостанциянын максаты – Совет жарандарына цензурасыз жаңылыктарды жеткирүү менен коммунисттик пропагандага каршы туруу болчу.

"Эркин Европа/Азаттык Радиосунун" жетекчисинин милдетин аткаруучу Кевин Клоуздун белгилөөсү боюнча “Азаттыктын” орус кызматы бүгүнкү күнү да көз карандысыз жаңылыктардын башкы булагы бойдон калууда.

Орус кызматынын 60 жылдыгы жума күнү Вашингтондо жана Москвада белгиленет.

XS
SM
MD
LG