Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Парламент бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу тууралуу токтом кылды


Жогорку Кеңеш өкмөттөн бардык бала бакчаларды каттоого алууну, жаңы бала бакча курууга кетүүчү чыгымды эсептөөнү жана мектепке чейин билим берүүчү мекемелердин эсебин чыгарууну талап кылууда.

Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун депутаттарга берген маалыматы боюнча, борбор калаадагы 102 бала бакчанын ичинен 23 бакча бала иштебейт. Ал эми иштеп жаткан бала бакчалар 12 миң балага ылайыкталганы менен иш жүзүндө аларда бүгүн 25 миң бала тарбияланууда. Ал эми Ош шаарында 72 бала бакчадан 31 гана бакча балдарды тарбиялайт. Түштүк борборунун вице-мэри Дастан Ходжаевдин маалыматына ылайык, калгандары менчиктештирилип кеткен. Өткөн жылы сот тарабынан эки бакча мамлекетке кайтарылган, ал эми шаар бюджетинен 180 орундуу бир бала бакча курулган. Менчиктештирилген бала бакчалардын арасында 12синде жогорку окуу жайлардын окуу корпустары жайгашкан.

Маалыматтар боюнча учурда Кыргызстанда мектепке чейинки балдардын 86% бала бакчага барбайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG