Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Отунбаева фонду айымдарга арнап поэзия кечесин өткөрөт


"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду эртең, 2-мартта Бишкекте айымдарга арнап поэзия кечесин өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты. Кече Коомдук телерадиокорпорациянын концерттик студиясында өтөт. 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жаткан бул маданий иш-чарага жаш акындар катышат. "Поэзия - сөздүн бермети" деген аталыштагы мындай концерт быйыл үчүнчү жолу өткөн жатат.

Роза Отунбаева экс-президент статусун алгандан кийин өз фондун түзгөн. Ал Кыргызстандын интеллектуалдык дареметин бекемдеп, экономикалык өсүштү камсыз кылуучу долбоорлорду ишке ашырууда. (RK)

XS
SM
MD
LG