Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Орусиядан келчү аскерий жардамдын тизмеси такталууда


Орусия Кыргызстанга берчү аскерий-техникалык жардамдын тизмеси такталууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчылыгынын инспектору Адылбек Курбанов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап тизмени Орусияга жиберген, азыр жообун күтүп жатат.

Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевдин орусиялык РИА Новости маалымат агенттигине айтымында, кыргыз өкмөтү Орусиядан артиллерия, танк, башка оор аскер техника сурады.

Былтыр сентябрда орус президенти Владимир Путин Бишкекте расмий сапарда болгондо Кыргызстандын аймагында Орусиянын бирдиктүү аскерий базасын түзүү, Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам берүү тууралуу макулдашылган болчу. (JAk/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG