Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:10

Иранда демонстранттар суу укуктары үчүн полиция менен кагылышты


Ирандын Варзанех шаарында суунун борбордук Исфахан дубанынан башка аймактарга бурулушуна каршы бир айдан бери нааразылык акциясына чыккан демонстранттар ушул жумада полиция менен кагылышканы кабарланууда. "Азаттыкка" жарандык журналисттерден түшкөн сүрөт, видео тасмалардан шаршембидеги, бейшембидеги кагылыштарда демонстранттар автобустарга өрт койгонун көрүү мүмкүн. Интернеттеги социалдык тармактарда күбөлөр ондогон адам жараат алып, көбүн полиция кармап кеткендигин жазышууда.

Демонстранттардын айтымында, Заяндецроод дайрасынан суу түтүк менен башка жакка бурулуп кеткендиктен, алардын жери какырап, кургап калгандыгын айтышкан. Алар шаршембиде суу түтүктөрүн талкалай баштаганда кагылыш орун алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG