Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Орусияда хлор төгүлүп, 24 киши ооруканага түштү


Перм аймагындагы химиялык ишканада болгон кырсыктан улам, аз дегенде 24 жумушчу ооруканага жаткырылды. Березинский шаарындагы Сода-Хлорат ишканасында чоң көлөмдө суюк хлор сыртка ташталгандан ууланган бир адамдын абалы өзгөчө оор. Шаар бийликтери чукул абал жарыялап, кырсыктын себебин иликтей баштады. Березинскийдин бийликтери кабарчыларды хлордун сыртка агышы токтотулуп, шаардын 160 миң тургунуна коркунуч келбейт деп ишендиришти.

XS
SM
MD
LG